Бишкек шаарынын № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер тандалып жатат. Өздүк булактарыбыз билдиргендей, айрым саясий күчтөр Мелис Мырзакматовду сүрөмөк болушканын, бирок, аталган саясатчы сылык-сыпаа баш тартканын билдиришти. Анын Эл аралык мамилелерде тажрыйбасы жана экономикалык багыттагы билими эске алынып, Жогорку Кеңешке салмактуу Эл өкүлүн жөнөтүү жагы каралганы айтылды.