“Улут Биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматов саясаттын жосунсуз жоруктарынан өзүн оолак кармап, өлкөгө инвестиция тартуу менен алектенгени белгилүү болду. Ал 2020-жылдагы саясий окуялардан кийин кескин түрдө бурулуш жасап, Эл аралык уюмдар жана дүйнөлүк деңгээлдеги экономисттер менен кысматташып баштаганы, экономикалык багытта билимин өркүндөткөнү, саясий оюндарга аралашпай өзүн таза кармаганы айрым саясатчылардын түн уйкусун бузганы айтылууда. Мелис Мырзакматовдун мындай жүрүшү үлкөн саясатка тымызын аттанганыбы же, кээ бир саясатчыларга мүмкүнчүлүк бергениби?