АКШда бозгунда жүргөн Тилекмат Күрөңов аттуу жаран саясатчы Мелис Мырзакматовго чакырык жасады. “Менин Оштук досторум көп. Алар аны мактаса, мен да сыйлап жүрчүмүн. 7-каналга маек берип, бийликти баштан аяк мактаптыр. Пахта, кошомат жыттанат. Аскар Акаевдин болсо, түздөн түз адвокаты болуп алыптыр. Мен бул кишини дебатка чакырам”,- деди Күрөңов.
Ал эми Мелис Мырзакматов мындай маанисиз чакырыктарга жооп берээри арсар. Арийне, 7-каналга берген маеги боюнча талкуу дале уланып, адилеттүү анализи элге жагып жатканын эшиттик.