Мелис Мырзакматовго таандык базар канча каражат табаары айтылды

Автор

“Бул базарды элдин баары Мелис Мырзакматовго тийешелүү экенин айтып жатышат. Анда 512 контейнер коюлган экен. Анын 2023-жылга чейинки төккөн салыгы 600 миң сомго жеткен эмес. Ал эми былтыр 2 млн сомго жакын салык төккөн. Ар бир контейнердин арендасы катары 8900 сомдон болгондо, алган акчасы 71.200 сомго жетет. Биз болсо, ары жак-бери жагы деп орточо эсеп катары 50 миң сомдон эсептеп жатабыз. Ошондо, 512 субьектини 12 айга көбөйтө турган болсок, бул киши айына 25 млн сомдон пайда көрүп турган. Силер, базарда отургандар, ошого төлөп берип жатасыңар. Ошондо, жылына 307 млн сом киреше таап жатат”,- деди минкаб төрагасы Акылбек Жапаров ишкерлер менен болгон жолугушууда. Жыйында Кара-Суудагы Оомат базары туурасында сөз болуп жатканы айтылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча Олимпиадасына жолдомо утту

Кыргызстандык пара жеңил атлетчи Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн «Дүйнө Гран-При» лицензиялык мелдеште алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу (Юлия Фернас — коштоп жүрүчү) 1500 м аралыкты 6 мүнөт 18 секунд 25 милисекундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Белгиленгендей, мелдеш 6-8-июнда […]

Сизге жагышы мүмкүн