“Мелисти Ошко кайра алып келип бергиле” дешүүдө

Автор

Өткөн жумада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилүү саясатчы Мелис Мырзакматовго сыпайы доо артып, “ишкер катары 2023-жылга чейин 600 миң сом гана салык төлөгөн”,- деп билдирди. Мындан мурда да, Кара-Суудагы Оомат базары боюнча маселе бар экени айтылган. Базардын жетекчилиги ижара акыларды азайтуу чечимин кабыл алып, “мамлекеттин саясатын жана өлкө жетекчилеринин иш аракеттерин толук колдойбуз”,- деген.
Кандай болгон күндө да, Мелис Мырзакматовдун өлкө жетекчилерин колдоп, кубаттаган позициясы кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун бузуп жатканы талкууга айланды.
Социалдык тармактарда анын мыкты жетекчилиги, Ош шаарынын өнүгүшүнө кошкон салымы, казынага кол салбаган тазалыгы жана жөнөкөйлүгү жазылып жатат. Кээ бир жарандар “үлкөндөрдүн кимиси, канча салык төлөгөнү толук айтылсын”,- дешсе, айрымдары, “Мелисти Ошко кайра алып келип бергиле” дешүүдө. Мелис Мырзакматов болсо, өзү жөнүндө айтылган жаман, жакшы сөздөрдү укмаксан болуп, унчукпай келет. Же, бир билгени барбы?

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 10 миллионго жакын турист келет

Быйыл Кыргызстанга 10 миллионго жакын турист келет. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөт башчысы “Ысык-Көлдүн четиндеги пансионаттардын ээлери канализацияларын оңдобой жатышат. Жолдору да начар, оңдогула десек, оңдошбойт. Ошон үчүн туристтер келбей жатат. Быйыл 10 млн турист келет деп күтүп жатабыз, Кудайга […]

Сизге жагышы мүмкүн