Мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция камсыздайт

Автор

“Акыркы коңгуроо” салтанатында мектеп окуучуларынын коопсуздугун төрт миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Мекеме ошондой эле ата-энелерди балдарынын коопсуздугун көзөмөлгө алып, бүтүрүүчүлөргө унаа башкартпоого чакырды.
Эске салсак, мектептерде “Акыркы коңгуроо” 25-майда кагылат. Быйыл 11-классты 73 миң окуучу аяктайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун багындырды

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гималайдагы Лхоцзе чокусун кычкылтек колдонбостон багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү. Анын айтымында, Непалдагы Гималай тоосундагы Лхоцзе чокусу 8516 метр бийиктикте жайгашкан. “Ушул улуу тоого 20-майда саат 20:00дө ийгиликтүү чыктык. Жеңишимди кыргыз элиме, жериме жана сүйүктүү мамлекетибизге арнаймын! Биз өлкө президентине берген сөздү […]

Сизге жагышы мүмкүн