Мектеп окуучулардын формасы классикалык стилде болушу керек?

Автор

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган.
Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек. Балдар үчүн мектеп формасы төмөнкү комплектерден турат: көйнөк, жилет, шым жана каалаган комбинациядагы пиджак. Пиджак, жилет жана шым классикалык стилде бир түстөгү кездемеден тигилген (кара, боз, көк жана кызгылт).
Кыргызстан үчүн формасы төмөнкү комплектерден турат: ак кофта, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, классикалык стилде тигилген каалаган комбинациядагы пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстөгү же шахмат кездемеден тигилген болушу керек (кара, боз, көк жана кызгылт).
Окуучулардын мектеп формасы жалпы билим берүүчү уюмдун же класстын айырмалоочу белгилерине ээ болушу мүмкүн: эмблемалар, төш белгилер жана башка.
Социалдык жактан аялуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы сатып алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну «үстү ак жана асты кара» форма менен камсыз кылууга уруксат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Биринчи күнү кыргыз спортчулары 5 медаль жеңди

Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп жаткан самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди. Маалыматына ылайык, мелдештин биринчи күнү Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 5 медаль (1 күмүш, 4 коло) жеңишти. 64 кг чейинки салмакта Саяк Бараканов күжүрмөн самбо боюнча 2-орунду ээледи. […]

Сизге жагышы мүмкүн