Мектеп жана бала бакчаларды курууга 1,4 млрд сом бөлүндү

Автор

2024-жылга республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинин тизмесине 431 билим берүү объекти киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы каржылоого 1 млрд 439 млн сомдон ашуун каражат каралган.
Алар:
149 мектептин курулушуна – 844,4 млн сом,
87 мектептин долбоордук-сметалык документтерин даярдоого – 21,2 млн сом,
78 мектепти капиталдык оңдоого – 226,1 млн сом;
63 бала бакча курууга – 306 млн сом,
42 бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерин даярдоого – 11,8 млн сом,
12 бала бакчаны капиталдык оңдоого – 30 млн сом.
Биринчи жарым жылдыкта 14 мектеп жана 3 бала бакча ачылып, 7 мектеп жана бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу катышат

28-августтан 8-сентябрга чейин Париж шаарында (Франция) өтө турган жайкы XVII Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан төрт спортчу барат. Пара дзюдо боюнча Маматибраим Суранов 73 кг чейинки салмакта катышат. Пара пауэрлифтинг боюнча Миргүл Боталиева 86 кг чейинки салмак категориясында катышат. Пара триатлон боюнча Айтунук Жоомарт кызы (Ангелина Блиндул коштоочу), пара жеңил атлетика […]

Сизге жагышы мүмкүн