Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Чүй облусундагы көчмө коллегияда билдирди.
Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:
— азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?
— мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазышы керек?
— ЖРТда жалпы деңгээлди кантип көтөрүү керек?
— PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды кантип күчөтүү керек?