Мектеп директорлорунун ордуна сынак жарыяланды

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланганын билдирди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, талапкерлер 2-июлдан тарта 15-июлдун саат 18:00гө чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу облустук билим берүү башкармалыгына тиешелүү документтерин жана арызын жиберет.
Убагынан кечиктирилген, толук эмес документтер сынакка кабыл алынбайт. Бир жаран бир гана мектептин жетекчисинин бош кызмат ордуна талапкер боло алат.
Ошол эле учурда бир мектепте 10 жылдан ашык убакыт жетекчилик кызматта иштеген талапкер ал мектептин директорлугуна ат салыша албайт.
Эске салсак, быйыл 262 мектептин директорунун ордуна сынак болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрү кандай өттү?

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Киевде Владимир Зеленскийге ок атууну токтотуп, Владимир Путин менен сүйлөшүү столуна отурууну сунуштады. Көпчүлүккө өзүнүн Москвага жакын саясатчы катары репутациясын дагы бир жолу тастыктады. Сапардын негизги темасы – тынчтыкка жетүү мүмкүнчүлүгү экенин Орбандын басма сөз катчысы Берталан Хавашини билдирген. “Бүгүн биз адилет жана узак мөөнөттүү тынчтыкты […]

Сизге жагышы мүмкүн