Мектепте окуучу кыз ок чыгарды

Автор

АКШда Висконсин штатынын Мэдисон шаарындагы жеке христиандык мектепте 15 жаштагы окуучу кыз ок чыгарган. Окуянын кесепетинен үч адам каза болду. Алардын бири ок аткан кыз. Дагы алты киши жаракат алды. Окуя учурунда мектепте болжол менен 390 окуучу болгон.
Мэдисон полициясынын башчысы Шон Барнстын маалыматына ылайык, курмандыктардын арасында мугалим жана жогорку класстын окуучусу бар. Жаракат алгандардын экөөнүн абалы өтө оор. Ал эми төртөө орто жана жеңил жаракат алышкан.
Жаш өспүрүм 9 мм калибрдеги тапанчадан ок чыгарган. Кылмыштын себеби азырынча белгисиз.
Abundant Life – бул динге байланышпаган христиандык мектеп. Анда бала бакчадан тартып жогорку класстарга чейин окуучулар билим алышат.

Бөлүшүү:
Next Post

4 жыл ичинде 1 млрд 945 млн 515 миң доллар кайтарылган

2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин мамлекеттик казынага 168 млрд 287 млн 49 миң сом тактап айтканда, 1 млрд 945 млн 515 миң доллар кайтарылды. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 17-декабрда өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын 37 млрд 776 млн сому же болбосо, 436 млн 725 миң доллары […]

Сизге жагышы мүмкүн