Мектептерде 24.440 компьютер жетишпейт

Автор

Кыргызстандын мектептеринин 67-70 пайызы компьютер менен камсыз болгон. Бирок, дагы 24.440 компьютер керек. Мындай маалыматты билим берүү министринин милдетин аткарган Догдургүл Кендирбаева  Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

“Кыргыз Телеком ААК менен түзүлгөн келишимге ылайык 2062 мектептен 1834 мектеп интернет менен камсыз болгон. Ал эми 228 мектеп интернетке туташууну күтүп турат”,- деди. Депутаттар мугалимдердин статусун көтөрүүнү колго алууну тапшырышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Орган саткан кылмыштуу топ кармалды

Пакистанда бай кардарларга трансплантациялоо үчүн адамдардын бөйрөгүн мыйзамсыз алган дарыгер жетектеген сегиз кишиден турган кылмыштуу топ кармалды. Пакистандын Пенджаб провинциясынын өкмөтүнүн башчысы Мохсин Накви жекшемби күнкү маалымат жыйынында доктор Фавад Мухтар бөйрөктү алуу операцияларын үйдө, көбүнчө донор бейтаптардын макулдугусуз жасаганын айтты. Наквинин айтымында, дарыгерге операциялар учурунда кесиби боюнча автомеханик ассистент […]

Сизге жагышы мүмкүн