Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде телефон колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул боюнча министр Догдургүл Кендирбаева Жогорку Кеңеште билдирди. Учурда мектеп окуучулары арасында телефон колдонууга чек койгон буйруктун долбоору даярдалууда. Министр айымдын мындай демилгеси коомчулуктан колдоо тапты.
Алар “Сапат” билим берүү мекемелерине таандык лицейлерде смартфон колдонулбаганы жана бул көрүнүш аталган окуу жайларда көнүмүшкө айланганын белгилешүүдө.