Бишкек шаарындагы айрым мектептердин 8:00дөн эрте иштеп башташы сунушталды. Мындай токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, менчигинин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуу сабактары саат10дон эрте баштабоону мыйзамдаштыруу сунушталууда.
Мэрия муну менен шаардагы тыгынды азайтууну көздөйт.
Буга чейин мэр Айбек Жунушалиев айрым мектептерде сабактарды саат 7:00дө баштоону сунуштаган.