Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга байланыштуу жаза колдонуу маселеси пландалууда. Билим берүү жана илим министрлиги 29-март күнү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.
Төмөндөгү учурларда жаза колдонулаар каралган:
– Эгер жалпы жана бекер окуу укугуна чектөө коюлса,
– Баланы мектепке чейинки билим алуусун себепсиз түрдө артка кайтарса жана электрондук кезекке тургузбаса,
– Мектептин электрондук кезегинде турган 6-7 жаштардагы өспүрүмдөрдү жалпы билим алууга каттабаса,
– Жалпы билим берүү мекемелеринде педагогика жамааты же, класс жетекчисинин мыйзамсыз түрдө окуучулардан жана ата-энелеринен каражат топтосо.