Мектептерде китеп тартыштыгы болбойт

Автор

Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөн.
Учурда “Учкун” басмаканасында окуу куралдарынын эки партиясы басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлдү. Дагы эки партиясы даярдалууда.
Белгилей кетсек, быйыл 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана жумушчу дептерлер басылып чыгат. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 10 эсеге көп. 2022-жылы 123 миң китеп басылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдик курултайда тууну өзгөртүү маселеси көтөрүлдү

Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Учурда аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгып, ой-сунуштарын айтышууда. Курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын белгиледи. “Туу […]

Сизге жагышы мүмкүн