Мектептеги окуя: Директор иштен алынып, мугалимге айып пул салынды

Автор

Ташкенттеги №188 мектептин директору, 24-сентябрда мугалим орус тилинде сабак өткөрүүнү сураган окуучуну сабаган окуядан кийин кызматынан бошотулду. Окуяга катышкан мугалимдин документтери толук тартипте эмес экендиги аныкталды.
44 жаштагы Озода Равшанова расмий түрдө иштеген эмес, 2014-жылдан бери Россияга жана Казакстанга иштөөгө кеткен. Окуянын алдында ал мектепке директордун орун басары менен маектешүүгө келген. Мектептин директору аны практика катары орус тили жана адабияты сабагын орус тилдүү алтынчы класстарга өтүүгө жөнөткөн.
Равшанова 6 «В» класста адабият сабагын орус жана өзбек тилдеринде алып барган. Окуучулардын бири андан сабакты толугу менен орус тилинде алып барууну өтүнгөн. Мугалим менен окуучунун ортосунда пикир келишпестик жаралып, анын натыйжасында бала сабалып, кийин соттук-медициналык экспертиза жеңил жаракат алганын аныктаган. Окуучунун ата-энеси Равшановага чалып, жагдайды тактап алууну каалашкан.
Равшанова сотко кызы окуган №204 мектептин завучуна кол салганы жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн кармалган атайын жайдан жеткирилген.
Сот Равшанованы кордоо жана атайлап жеңил жаракат келтирүү боюнча күнөөлүү деп таап, 540 доллар өлчөмүндө айып пул салды.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулардын тамагынын акчасы жогорулады

Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамактын суммасы жогорулады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр бир окуучунун тамагына 14 сом бөлүнөт, мурда ал 7 сомду түзчү. Депутат Гүлкан Молдобекова күн сайын баалар […]

Сизге жагышы мүмкүн