2023-жылдын 20-декабрында Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусунун Рыльск шаарына ракеталык сокку урду. Аталган сокку жарандык объектилерге багытталган. Каза болгондор жана жабыркагандар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулда америкалык HIMARS реактивдүү системаcы колдонулган.
Курск облусунун губернатору Александр Хинштейн ” Рыльск шаарына ракеталык сокку урулду. Атайлап социалдык багыттагы тынч объектилерди бутага алууда. Бардык оперативдүү жана куткаруу кызматтары иштеп жатат”,-деди Хинштейн.
Губернатордун маалыматы боюнча, абадан коргонуу күчтөрү HIMARS системасынан атылган бир нече ракетаны атып түшүрүштү.
“Бардык жарадарларга жана жабыркагандарга зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жерине куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр жана башка тиешелүү кызматтар тартылган”,-деп кошумчалады Хинштейн.
Ракеталык соккудан алты адам, анын ичинде бир бала каза болду. 13 жаштагы өспүрүмдү кошкондо, он адам жаракат алды.
Соккунун натыйжасында турак үйлөр, социалдык жана спорттук объектилер жабыркаган.
“Маданият үйү, ден соолукту чыңдоо комплекси, педагогикалык колледж, мектеп, өрт өчүрүү бөлүмү жана жеке үйлөр зыянга учураган”,-деди Хинштейн.
Рыльск шаарынан 70 чакырым алыстыкта жайгашкан Курск АЭСи соккудан кийин кадимкидей ишин улантууда.
РФ Тергөө комитети Рыльскке жасалган ракеталык чабуул боюнча террордук акт фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
“Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар Украинанын куралдуу түзүмдөрүнүн бардык өкүлдөрү аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылат”,-деп билдирди Тергөө комитети.