Мектепке бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Автор

Бишкектин №13 мектебинен жардыруучу зат таблыган жок. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Бүгүн, 3-сентябрда саат 10:45де борбордогу Москва көчөсүндө жайгашкан мектептердин бирине жардыруучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу, кинологдор жана саперлор барган. Издөөдөн эч нерсе чыккан эмес жана жардыруучу зат табылган жок.
Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров: Мугалимдер басынып, майда чыгымдарга акча сурабайт деп үмүттөнөм

Быйыл мектептерди оңдоого өкмөт биринчи жолу 400 миллион сом бөлдү. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу төрт эсе көп экенин өкмөт башчысы Акылбек Жапаров мектеп автобустарын тапшыруу аземинде айтты. Жапаровдун айтымында, мамлекет мектептик билим берүү системасына каржылоону көбөйтүп жатат. Ал бул каражат жетиштүү болот деп үмүттөнүп, мугалимдерге класстын керектөөлөрү үчүн акча чогултпоо […]

Сизге жагышы мүмкүн