Мектепке болгон чабуулдан 100 адам көз жумду

Автор

Израилдин армиясы Газадагы Аль-Табаин мектебине чабуулду «Хамас» кыймылынын борбору имаратта жайгашкандыгы менен түшүндүрдү.
«Чабуул жасалардан мурда карапайым адамдарга зыян келтирүү коркунучун азайтуу үчүн көптөгөн чаралар көрүлдү»,-деп айтылат ЦАХАЛдын Telegram каналындагы билдирүүсүндө.
Палестиналык ММКлардын маалыматы боюнча, 100дөн кем эмес адам курман болуп, ондогондору жаракат алган. Куткаруучулар өрт менен күрөшүп, каза болгондордун денелерин алып чыгуу аракеттерин көрүп жатышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж-2024. Бүгүн Эрназар Акматалиев менен Айпери Медет кызы алгачкы беттештерине чыгат

Бүгүн Париж Олимпиадасында балбандар Эрназар Акматалиев менен Айпери Медет кызы мелдешке чыгат. Кыргыз спортчуларынын алгачкы атаандаштары белгилүү болду. 65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев 1/8 финалда венгриялык Исмаил Мусукаев менен күч сынашат. Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг чейинки салмакта Вэнь Юань аттуу кытайлык спортчу менен таймаш өткөрөт. Беттештер […]

Сизге жагышы мүмкүн