Меккеде кыргызстандыктар үчүн бекер жатакана ачылат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымында жатаканада окуу үчүн барган кыргызстандык студенттер жана зыяратчылар жашайт.
Жатакана ачуу чечимин президент Садыр Жапаров дагы колдоого алган.
Бүгүнкү күндө имарат бөлүндү.