Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатынан ажырады

Автор

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажырады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.
Мындай чечим бүгүн, 19-августтагы Борбордук шайлоо коммиссиясынын жыйында бир добуштан кабыл алынган.
Жыйында Абдалиевдин мындай кадамга барган себеби айтылган жок. Ал өзү азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Бөлүшүү:
Next Post

Мандатын тапшырган Мейкинбек Абдалиев ордуна ким келди?

Бүгүн, 19-августта Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажырады. БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ага ылайык, “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген […]

Сизге жагышы мүмкүн