Медицина боюнча Нобель сыйлыгы COVID-19га каршы вакциналарды жасагандарга ыйгарылды

Автор

Стокгольмдо медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Швециянын борбору Стокгольмда жайгашкан Каролина королдук медицина институту жарыялады
2023-жылдын физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгы Пенсилвания университетинин (АКШ) Дрю Вайсман жана Каталин Карико аттуу профессорлоруна берилди. Алар  мРНК вакциналарын коронавируска каршы иштеп чыккан.
Окумуштуулардын эмгеги Moderna жана BioNTech/Pfizer вакциналарын түзүүгө жардам берди.
Сыйлыктын суммасы 11 миллион швед крону, башкача айтканда, болжол менен 1 миллион долларды түзөт.
Медицина жана физиология боюнча сыйлык салттуу түрдө Нобель жумалыгын ачат. 3-октябрда физика боюнча, 4-октябрда химия боюнча, 5-октябрда адабият боюнча, 6-октябрда Ослодо тынчтык сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдары аталат.
Швеция банкы 1968-жылы негиздеген экономика боюнча Альфред Нобель сыйлыгынын ээси 9-октябрда белгилүү болот.

 

Бөлүшүү:
Next Post

Азия оюндары: Махмудовдун атаандаштары белгилүү болду

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун (77 кг) Азия оюндарындагы атаандаштары белгилүү болду. Балбанбардын тизмесин Дүйнөлүк күрөш уюму жарыялады. Азия оюндарында 77 кг салмакта жалпы 12 балбан алтын байге үчүн күч сынашат. Акжол Махмудов 4-октябрда таймашка чыгат. 77 кг салмактагы балбандар:   Сопхак Кео (Камбожа) Руй Лю (Кытай) Викас […]

Сизге жагышы мүмкүн