Медеткан Шеримкулов туунун өзгөрүшүнө караманча каршы

Автор

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков туунун өзгөрүшүнө каршы экендигин билдирди. Анын айтымында, күндүн нуру эч качан түптүз тийбейт. Эгер түз тийсе, бардык нерсени күйгүзүп коюшу мүмкүн. Сүрөтчү маалымдагандай, депутаттар демилгелеген тууга Кыргыз Эл баатыры Медеткан Шеримкулов дагы караманча каршы. “Өткөндө парламентке  туунун авторлору менен бирге Медеткан Шеримкуловду да бирге чакырышыптыр. Биз кирип баратканда ал киши муштумун түйүп туруп, туунун өзгөрүшүнө эч качан макул болбогула деди. Жыйын башталган учурда да, балдар, бул кишилердин көзү тирүүсүндө тууну өзгөртөм деп ойлобогула деп айтты”,- дейт Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. Бирок, кечээ Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырып, ЖКнын жалпы кароосуна жиберди.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралууда Учурда  мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов парламентин жалпы  жыйынында баяндама жасап жатат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлган. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек […]

Сизге жагышы мүмкүн