Медеткан Шеримкуловдун мыйзамсыз менчиктештирилген мектепке тийешеси барбы? УКМКнын жообу

Автор

Жогорку Кеңештин экс-спикери Медеткан Шеримкуловдун Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектеп имаратынын ээси эмесмин деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ЖМКлардагы билдирүүсүн колдо болгон документтер жокко чыгарууда.
Тактап айтканда, 1998-жылдын 14-декабрында № 1141 жерди пайдалануу укугуна карата мамлекеттик актыларды эсепке алуу китебинде № 021438 форма боюнча катталган мамлекеттик актысынын түп нускасы 1998-жылдан азыркы учурга чейин, мыйзамсыз түрдө Медеткан Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда болгон. Натыйжада ЖӨБО жогоруда аталган объектти өз балансына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Буга байланыштуу Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдордун үй-бүлөсүнө жогоруда аталган мамлекеттик актынын түп нускасын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. Акыркы кайрылуу 2023-жылдын күзүндө болгон.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 11-сентябрында “документтерди өткөрүп берүү актысынын” негизинде Сокулук районунун Жыламыш айылындагы орто мектептин укук белгилөөчү документи Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунун Жыламыш айылындагы жалпы аянты 20 га, баасы 376 млн. 339 миң сом болгон эки кабаттуу мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ачыткысыз жасалуучу боорсок

Бул жерде ачыткысыз боорсоктун жөнөкөй курамын сунуш кылабыз. Адегенде, ун – 500 г, жумуртка – 2 шт,кашык сода жана татымына жараша туз шекер кошуп коёсуз. Кефир же йогурт – 250 мл, кууруу үчүн өсүмдүк майы колдонулат. Даярдоо ыкмасы: Чоң идишке жумуртканы кумшекер (же йогурт) кошуп чалып, жакшылап аралаштырабыз ун жана […]

Сизге жагышы мүмкүн