Медер Алиев: “Биздин тукумдан эмессиң деп көмдүрбөй койгонду токтотуу керек”

Автор

Биздин тукумдан эмессиң деп көмдүрбөй койгонду токтотуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жайынында “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда кароодо депутат Медер Алиев билдирди.
Эл өкүлү “Кыргызстанда саясий чайкоочулук, жемкорлук сыяктуу эле түндүк-түштүккө бөлүнүү бар. Бул үлкөн проблема. Эгер бир жаран башка жерде жашап, ошол элде көз жумса, сен биздин тукумдан эмессиң, бул жерге көмүүгө болбойт деп, көмдүрбөй койгон учурлар бар экен. Ошолорду эң катуу түрдө жазалап, мындай көрүнүштү жоюш керек. Саясий этиканын негизинде атоого болбойт. Бирок, жарандар мага да кайрылып жатышат. Айрым региондордо ушундай караңгылык, жапайычылык түшүнүк бар экени өкүндүрөт”,-деп билдирди депутат Медер Алиев.
Ал эми Марлен Маматалиев билдиргендей, жаңы сунушталган мыйзам долбоорунда бул маселе чечилген. Эгер жаран жерлигине карабай кайсы жерде көмүлө турган болсо, ага жашаган жеринен берилген справка жетиштүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Еврону негиздеген Жак Делор 99 жаш курагында каза болду

Еврону негиздеген Жак Делор 99 жаш курагында чын дүйнө салды. Ал 1985-жылдан 1995-жылга чейин Еврокомиссияны башкарган. Ушул 10 жылда Европага мүчө өлкөлөрдүн ички интеграциясы бекемделип, бирдиктүү базар мейкиндиги түзүлгөн жана Шенген келишими ишке ашкан. Европанын бирдиктүү валютасы жүгүртүүгө чыгарылган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн