Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Польша менен Германиянын аудиториясы үчүн Украинанын жоголушу тууралуу билдирүүсүнө бөгөт койгондон кийин, бул жазуунун немис тилине котормосун Твиттерде жарыялады.
“Кечээ Твиттерде Украинанын эмне үчүн эч кимге кереги жок деген постумду чектөө тууралуу айтылды. Аны 14 миллион адам окуган. Германия менен Польшанын тургундары үчүн, сөз эркиндигин жана немис тилинде окугандардын укуктарын урматтап, дагы жарыялоону чечтим”,-деген.
8-апрелде Медведевдин Твиттердеги баракчасында “Украина эч кимге керек эмес, ошондуктан ал жок болот. Ал планетада болбойт”,-деген билдирүүсү жарыяланган.
Буга жооп катары социалдык тармактын колдонуучулары анын жаңы ээси Илон Маскты Россияга каршы санкцияларга баш ийбегени, орус лидерлеринин платформага кайра киришине жол бергени үчүн жемелешкен.