Россия Москванын жанындагы Крокустагы теракттан көз жумган ар бир адамды аныктап, өч алат. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин билдирүүсү Телеграм каналына жарыяланды.
«Биз бардыгынан өч алабыз. Ар бир катышуучу, кайсы өлкөгө жана статусуна карабастан, азыр биздин мыйзамдуу жана негизги максатыбыз»,-деп жазган Медведев.
Ал өзүнүн постуна Пикник тобунун фонограммасын тиркеген.