Медведев глобалдык согуш коркунучун айтты

Автор

Жакынкы Чыгыштагы Израиль менен Хамас кыймылынын ортосундагы аскердик кагылыш аймактык аскерий жаңжалга же глобалдык согушка айланып кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев билдирди.
«Жакынкы Чыгышта согуш бар. Катаал, эрежесиз. Террор жана карапайым калкка каршы күч колдонуу доктринасына негизделген согуш»,-деп белгиледи Медведев.
Ал кошумчалагандай, Россия үчүн Украинадагы аскерий операция зонасында болуп жаткан окуялар алда канча маанилүү. Бирок Москва да Израилдин коргонуу күчтөрү менен ХАМАСтын ортосундагы салгылашууларга көз жумуп коё албайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага которушат

Жогорку Кенештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестинага котормой болушту. Бул тууралуу  бүгүн, 19-октябрдагы  парламенттин жалпы  жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев кесиптештеринин бир күндүк маянасын Палестинага которуу боюнча сунушту добушка коюуну суранды. Сунуш добушка коюлуп, депутаттар бир күндүк маянасын Палестинага котормой болушту. Ал эми төраганын орун басары Сыдыгалиев бул боюнча ТИМ менен […]

Сизге жагышы мүмкүн