Раимбек Матраимов боюнча талкуулар күч алууда. Ал Түркия аркылуу Дубайга качып кеткени айтылып жатат. Өлкөдөн качып кетиши мүмкүн деп укук коргоо органдары да билдирүү таратышты. Айрым массалык маалымат каражаттары Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов өлкө бюджетине каражат төгүүнү убадалап, бирок, изин жашырып кеткенин жазышты. Өткөн жумада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “мындан ары өлкөдө Матраимов деген мафия болбойт”,- деп билдирген.