Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар 58 бажы кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү ыкчам-иликтөө иштери 2022-жылдан бери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен биргеликте жүргүзүлдү.
“Иштен алынган кызматкерлердин арасында төраганын орун басарынан тартып башкы тескөөчү, бөлүм башкы жана башка негизги кызматтарды ээлеген кызматкерлер бар”, – деди ал.