Орусиянын расмий маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, сентябрь айына чейин 1 миллиондон ашуун эмгек мигранты Орусияны таштап чыгып кеткен. Мындай маалыматты “Независимая” басылмасы жарыялады. Алардын ичинде 450.000 Өзбекстан, 350.000 Тажикстан, 250.000 Кыргызстан жана 200.000 Армения жарандары бар. Быйыл кыргыз бийлиги мигранттарга кайрылып, ата мекенге кайтууга чакырык жасаган. Кыргызстанда жумуш орундарынын көптүгүнөн маалымат берген эле.