Америкалык ишкер Илон Маск АКШнын бюджеттеги таңкыстыктын жана мамлекеттик карыздын өсүшүнүн шартында НАТОнун алкагында Европанын коргонуу чыгымдарына чоң өлчөмдө каражат сарптап жатканына нааразы болду.
“Эмне үчүн америкалык салык төлөөчүлөр Европанын коргонуу чыгымдарынын төрттөн бир бөлүгүн жабышы керек? Бул акылга сыйгыс нерсе, айрыкча бизде бюджеттеги чоң таңкыстык жана кабыл алынгыс деңгээлде карыз өсүп жатканда”,-деп жазды Маск X социалдык тармагында.
Буга чейин Трамп альянстын ишине нааразычылыгын билдирип, европалык өнөктөштөр өз коопсуздугу үчүн көбүрөөк финансылык жоопкерчилик албаса, АКШ уюмдан чыгып кетерин айткан.
НАТО мамлекеттери 2023-жылы Вильнюс шаарындагы саммитте коргонууга ИДПнын 2 пайызын сарптоону макулдашкан.