Маск АКШны Украина эмес, өзүнүн чек арасын ойлоого чакырды

Автор

Америкалык саясатчылар Украина чек арасына караганда Американын Мексика менен чек арасы жөнүндө көбүрөөк ойлонушу керек.  Бул тууралуу миллиардер Илон Маск социалдык тармактарда билдирди.
“Эмне үчүн эки тараптын тең көптөгөн америкалык саясатчылары Украинанын чек арасына АКШнын чек арасына караганда жүз эсе көп кам көрүшөт?”,-деп жазган Маск. Ал  америкалык чек арадагы абал күн сайын начарлап баратат”,-деген.
Ишкер 28-сентябрда Мексика менен чектеш Техас штатындагы Eagle Pass шаарына чынында эмне болуп жатканын көрүү үчүн барган.  Өзү иммигрант болгон бизнесмен Америка Кошмо Штаттарына эмгекчил, чынчыл жана өлкөгө салым кошо ала турган ар бир адам мыйзамдуу түрдө кире алышы үчүн чоңураак иммиграция системасы керек деп эсептейт.
Буга чейин Reuters агенттиги АКШ-Мексика чек арасында мигранттардын жаңы агымы болгонун, чек арага 142 миңден ашуун адам келгенин кабарлаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгын текшерди

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди. Министрлер кабинетинин төрагасы көмүр кампасына жана металл сыныктары топтолгон жерге барып, Энергетика министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы буга чейин ЖЭБге барганда бардык топтолгон металлды демонтаждап, ЖЭБдин […]

Сизге жагышы мүмкүн