АКШда SpaceX компаниясынын ракетасы сыноо учурунда учурулгандан бир нече мүнөттөн кийин жарылып кетти. Бул окуя АКШдагы авиакаттамдардын графигине таасирин тийгизди.
Маалыматка ылайык, АКШда Starship ракетасы миссия башталгандан бир нече мүнөттөн кийин жарылган.
Миссия башталгандан 8,5 мүнөт өтпөй SpaceX Starship менен байланыш үзүлүп, аппарат жоголгону кабарланган. Кийинчерээк Илон Маск X социалдык тармактагы баракчасына асмандан түшүп жаткан сыныктар тартылган видеону жайгаштырды.
Бул жарылуу Илон Масктын жетекчилиги астындагы компания ракетанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө туруктуу ийгиликтерге жетишип жаткан маалда күтүүсүз болду. Ракета 10 жасалма спутникти орбитага чыгарууга аракет кылмак. Мындан тышкары космоско жүк жеткирүү боюнча алгачкы аракети эле.
Федералдык жарандык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, жарылуу АКШдагы авиакаттамдардын ишине таасирин тийгизген.