Мартта кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт

Автор

Кыргызстандыктар 8-март (жума) Эл аралык аялдар күнүнө карата эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
Мекемеден белгилешкендей, 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат.
Андан сырткары, 21-март — Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты дем алыш күнү деп жарыялаган.
Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге (дүйшөмбү) жылдырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Стамбулда зилзала, 1 адам көз жумду

Кечээ түнкү саат 23:30 чамасында Түркиянын Чанаккале шаарында 4.9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын таасири Стамбул жана Балыкэсир шаарларында да сезилди. Саламаттык сактоо министри Фахриддин Кожа “зилзала учурунда коркуудан улам 2-кабаттан секирип, бир адам көз жумду”,- десе, өлкөнүн ички иштер министри Али Йерликайа “абал тынч, имараттар бүтүн, ынгайсыз абал […]

Сизге жагышы мүмкүн