Жылдын мыкты дарбазачысына ыйгарылуучу Лев Яшин атындагы сыйлыкты Астон Вилла менен Аргентинанын дарбазачысы Эмилиано Мартинес жеңип алды.
31 жаштагы дарбазачы 2022-жылы Аргентина курама командасынын курамында улуттук кураманын бардык жети оюнуна катышып, дүйнө чемпиону болгон.
Дүйнөлүк чемпионатта Эмилиано беттештен кийинки эки серияда үч пенальти кайтарган – экөө чейрек финалда Голландия менен, бирөөсү финалда француздар менен болгон.