8-сентябрдын кечинде Мароккодо күчү 6,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Очогу Марракештен 71 чакырым түштүк-батыш тарапта, Бийик Атлас тоолорунда болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандардын саны 2 миңден ашты, жабыркагандардын саны 1600гө жетти. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.