Исламдын атын жамынган корпорация 6 миң адамды сыздатты

Автор

Бүгүн, 15-февралдагы парламенттин жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев Ислам динин жамынып, алдамчылык менен алектенгендер боюнча маселе козгоду.
Эл өкүлү “Мындан 10 ай мурда Ислам динин жамынган курулуш корпорациясы боюнча айтып, ысымын атаган жок элем. Бүгүн айтууга туура келип жатат. Алар Исламдык Финансы Корпорациясы. Булар Исламдын атын жамынып алып, 6 миңден ашуун адамды сыздатышты”,- деди. Депутат абалдан чыгуунун жолун сунуштап, жумушчу топ түзүүнү, ага ишти карап жаткан тергөөчү, Улуттук Банктын бир кызматкери, эсеп палатасы менен финансылык чалгындоо кызматынан бирден өкүлдөрү менен корпорациясынын берген үйлөрүн, төлөмдөрүн, карыздарын карап чыгууну жана тоңдурулган эсептерин бошотуп, ишти иретине салууну айтты.
“Алардын жетекчилерин камадык. Бирок, андан жыйынтык чыкпайт. Андан көрө, мен берген сунуштун негизинде 6 миң адамды абалдан алып чыгып кетүүгө болот”,- деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Кумурскалардан эмнелерди үйрөнүшүбүз керек?

21-кылым ар кандай кубулуштардын сырын ачкан окуяларга бай болду. Ошол эле кезде илим менен техника дүркүрөп өстү. Мына ушундай өнүгүү жолундагы илим кумурскалар боюнча керемет изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда айтылгандай, кумурскалар буудай же, арпа данектерин уясына алып киргенден кийин аларды экиге бөлүшөт. Экиге бөлүнгөн өсүмдүк данектери эч качан өнбөйт. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн