Марк Рютте НАТОнун баш катчысы болуп дайындалды

Автор

НАТОнун элчилери Нидерландиянын премьер-министри Марк Рюттени альянстын башкы катчысы кызмат ордуна бекитишти. Бул тууралуу 26-июнда AFP агенттиги билдирди. «НАТО Нидерландиянын премьер-министри Рюттени альянстын башчысы кылып дайындайт»,-деп айтылат агенттиктин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте НАТОнун жаңы башкы катчысы болору 18-июнда белгилүү болгон. Анын голландиялык жалгыз атаандашы, Румыниянын президенти Клаус Йоханнис өзүнүн талапкерлигин алып салган. Учурдагы башкы катчы Йенс Столтенберг 2024-жылдын октябрында кызматтан кетет.

Бөлүшүү:
Next Post

2026 -жылкы Дүйнө чемпионатына 3 -тандоо туруна чүчүкулак тартылат

Эртең, 27-июнда 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чүчүкулак тартылат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы 18 улуттук курама команда 6 тайпадан 3 топко бөлүнөт. Оюндар болсо 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнө чемпионатына […]

Сизге жагышы мүмкүн