Марин Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратуу талабы болду

Автор

Париж прокуратурасы 13-ноябрда «Улуттук биримдик» партиясынын лидери Марин Ле Пенди беш жыл бою бийлик органдарына шайлануу укугунан ажыратууну талап кылган. Ошондой эле Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратууну жана 300 миң евро айып пул салууну суранды. Прокуратура Ле Пенге карата мындай жаза чарасын Европарламенттин каражаттарын максатсыз колдонуу боюнча кылмыш ишинин алкагында талап кылууда.
Бул иш боюнча Ле Пенден тышкары «Улуттук биримдиктин» дагы 20дан ашуун өкүлүнүн аты аталууда.
Эгерде сот күнөөлүү деп тапса Марин Ле Пен чечимге каршы арыз берген күндө да шайлоого талапкерлигин коё албай калат. Марин Ле Пен айыптоону партияны жок кылууга жана француз элин каалаган адамдарына добуш берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууга аракет катары баалады.
Буга чейин Марин Ле Пен 2027-жылы Франция президенттигине талапкерлигин коюу ниетин билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Үч жылдын ичинде Кумтөрдөн канча киреше түшкөн?

Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд 77 млн доллардан ашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Тоо кен тармагында президент Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан […]

Сизге жагышы мүмкүн