Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды актаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өткөн жумада өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болгон.
Соттор кеңеши арызды карап чыгып, аны кызматтан бошотуу чечимин чыгарган. Бирок, Президент Соттор кеңешинин чечимин четке какты. Буга байланыштуу материалдар кайра артка кайтарылганын маалымдаган президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов
“Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок”, – деп жазды ФБ баракчасына.