Марадонанын “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат

Автор

Белгилүү аргентиналык футболчу Диего Марадонанын 1986-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионатында алган “Алтын топ” сыйлыгы аукционго коюлат.
Аукцион Францияда 2024-жылдын 6-июнунда өтөт. Сыйлыктын потенциалдуу сатып алуучулары аны бир нече күндөн кийин коомдук көргөзмөдө көрө алышат.
Эске салсак, Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон. Аргентиналык футболчу 20-кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.

Бөлүшүү:
Next Post

11-майга карата аба ырайы

Эртең, 11-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11… + 16, күндүз +16… +21, Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +15… +20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18… +23, Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн