Маори падышасы дүйнөдөн кайтты

Автор

Жаңы Зеландияда 69 жаш курагында маори падышасы Тухеитиа Паки Те Фероферо VII дүйнөдөн кайтты. Король жүрөгүнө жасалган операциядан кийин үй бүлөсүнүн курчоосунда дүйнө салды. Сөөгү беш күн Нгаруавахиа резиденциясында болот. Кийин падыша Таупири тоосуна коюлат.
Тухеитиа Паки Те Фероферо VII 2006-жылдын 21-августунда энеси дүйнөдөн кайткандан кийин такка чыккан. Маори падышасы расмий бийликке ээ эмес. Ал өлкөнүн символу болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман-Нуру» фракциясынын жетекчиси Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Маалыматына ылайык, Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган. Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн