Раим Матраимовдун мафиясына мүчө болгон айрым мамлекеттик кызматкерлер кызмат ордуларын тапшырышууда. Учурда региондордо кадрдык тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат. Азаттык радиосу тизмектеген ЖК депутаттары боюнча да чечим кабыл алынаары жана жакында бир депутат мандатын тапшыраары тар чөйрөдө айтылып, кызуу талкуу башталган учур. Мындан улам коомчулукта “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанган саясатчыларга укуктук баа берилиши керек деген пикирлер басымдуулук кылат. Анда, өлкөдө саясий элитанын баары суракка чакырылабы?