Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев БШКны сындап, мандатынан кол жууган Өмүрбек Бакиров боюнча адилетсиз чечим чыкты деп эсептейт. Ал БШКны чакырып, мандат талаштын тегерегинде угуу өткөрүүнү бүгүнкү, 13 – сентябрдагы парламенттин жалпы жыйынында сунуштады.
Ал Көк-Жар бир мандаттуу округунан шайланган Өмүрбек Бакировдун 2 жылдан кийин мандаты туура эмес алынып, анын ордуна жаңы депутат мыйзамсыз келип отурганын айтты.
Өткөн жумада Көк-Жар бир мандаттуу округунан чыныгы депутат деп Равшанбек Рысбаев мандат алган эле.
Аталган депутат мандат чыры боюнча “Элдик” депутаттык тобуна жооп бере алган жок.