Мандатын тапшырган экс-депутат башка кызматка аттанды

Автор

Өткөн айда депутаттык мандатынан кол жууган Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө аттанды. Ал орунду мээлеп, керек болсо, ээлегени айтылууда. Мейкинбек Абдалиев “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттык креслого көчүк баскан. Парламенттин жалпы жыйынында бажы кызматынын төрагасына кайрылып, Кытай аркылуу ташылып жаткан жүктөр боюнча маселе жаралса, Раимбек Матраимовдун тажрыйбасынан пайдаланууну сунуштаган. Бийлик Раимбек Матратмовдун мафиясы менен күрөшүп баштаганда аталган экс-депутат боюнча да маселе козголгон эле.
Кызматтан кызматка секирген чиновниктер элдин эркесине айланып баратышабы?
Тактап айтсак, 3-сентябрь күнү Марс Наспеков берген арызына ылайык БШКнын мүчөлүгүнөн кеткен. Ал ошол эле кезде АРИСтин аткаруучу директору болуп эмгектенген.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектепте ок атууга 14 жаштагы окуучу айыпталууда

Жорджия штатынын полициясы Уиндер шаарындагы «Апалачи» орто мектебинде аткылашуу уюштурган деп шектелген адамдын өздүгүн аныктады. Шектүү катары 14 жаштагы Кольт Грей кармалды. Аймактын полициясынын жетекчиси Крис Хоуздун айтымында, Кольт Грей ошол орто мектептин окуучусу. «Апалачи» мектебиндеги атышуу 4-сентябрда болгон. Окуяда төрт адам эки мугалим жана эки окуучу каза тапкан. 30га […]

Сизге жагышы мүмкүн