Бүгүн, 19-августта Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Мейкинбек Абдалиевди өзү жазган арызынын негизинде мандатынан ажырады.
БШК Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ага ылайык, “Ата Журт Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.