Манас районунда автобекетке караштуу жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Манас районунда автобекетке караштуу 0,28 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Манас районунун Покровка (Семетей) айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомунун негизинде “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Талас филиалына тиешелүү 0,28 га жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Аталган мыйзам бузууларды четтетүү максатында облустук прокуратура тарабынан прокурордук акт келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен жер тилке толугу менен Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынын балансына кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон. Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон. […]

Сизге жагышы мүмкүн