Өлкөбүздүн маселелери чачтан көп. Депутаттардын 80 пайызы мыйзам долбоорун сунуштай элек. Мындай учурда мамлекеттик атрибуттарды өзгөртүү пайда алып келбейт. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине эркин журналист Манас Осмон билдирди.
– Манас мырза, бу сапар дагы Тууну өзгөртүү маселеси көтөрүлдү. Тууну өзгөртсөк эле телегейибиз тегиз болуп, жашообуз жеңилдеп калабы?
– Өлкөбүздүн маселелери чачтан көп. Калк кедей, Эл аралык аренада көкөлөп кеткен деле кадырыбыз жок. Депутаттардын 80 пайызы мыйзам долбоорун сунуштай элек. Мындай учурда мамлекеттик атрибуттарды өзгөртүү пайда алып келбейт. Кайра, чыгым. 30 жылдан бери учак билеттеринде Бишкек эмес дале Фрунзе деп жазылып жүрөт. Эгер бир нерсени өзгөртүү керек болсо, ушуну өзгөртөлү же, борбор калаанын орусча аталышындагы 4 районун өзгөртөлү. Элдик Курултайда төрага ушул маселени козгоду эле эртеси Думанын депутаты каяша айтып койсо, жым болуп калышты, бул аябай уят! Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловдун кемсинткенине деле тээрикпей, отуруп берди.
Эске сала кетсек буга чейин Жогорку Кеңеште төрага Нурланбек Шакиев туу боюнча маселе көтөрүп, күндүн нурун алмаштыруу керектигин айткан.
NazarNews.kg сайтынан алынды.